Министр Кыргызстанда кызамыктан 9 бала чарчап калганын айтты

Кызамык жуктурган бейтаптарды кабыл алуучу оорукана. Бишкек. Ноябрь, 2023-жыл.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда баласын кызамыкка (корь) каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткенин, бул оорудан 9 бала чарчап калганын билдирди. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында айтты.

Алымкадыр Бейшеналиев диний түшүнүгүнөн улам кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарткандар көп экенин, министрлик бул маселе боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен иштешип жатканын кошумчалады.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

24.kg агенттигинин жетекчилери дагы суракка чакырылдыКемпир-Абад иши: Абактагылар сотту ачык өткөрүү талабын кайра көтөрүштүСпикер Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейтДастан Бекешев ЖМКларга байланыштуу окуялар боюнча комиссия түзүүнү сунуштады Израилде уурдалган сүрөттөр Белгиядан табылдыБеларус аскердик доктринасына өзөктүк куралды киргизди