Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди куугунтуктаганды токтотууга үндөдү

Тогуз ири эл аралык укук коргоо уюму бүгүн 16-январда Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты. Анда алар кыргыз бийлигин бир катар эркин маалымдоо каражаттарына карата "согушту пропагандалоо" жана "жапырт башаламандыкка чакыруу" деген шылтоо менен козгогон кылмыш иштерин токтотууга чакырышты.

«Бийлик журналисттерди коркутуп-үркүткөндү, куугунтуктаганды токтотуп, алардын өз ишин тоскоолдуксуз аткаруусуна мүмкүнчүлүк бериши зарыл экени, соңку окуялар Кыргызстанда сөз эркиндигине каршы өнөктүк контекстинде жүрүп жатканы, мунун баары көз каранды эмес ЖМК арасында коркуу маанайын күчөтөрү» белгиленген бул билдирүүгө «Жарандык укуктардын коргоочулары», Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегия-Хельсинки комитети, People in Need, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация, Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жана Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы уюмдары кол коюшту.

«Пикирин ачык билдирүү эркиндиги азыр парламенттин кароосунда жаткан репрессивдүү мыйзам кабыл алынса мындан да начарлайт. Бул мыйзам мамлекеттин ЖМК үстүнөн көзөмөлүн күчөтүп, бийликке аларды каттабай коюусуна, ишине бут тосуусуна жана жаап коюусуна кеңири мүмкүнчүлүктөдү ачат. Кыргызстандын бийлиги сөз эркиндигинин урматталышын эл аралык милдеттенмелерине дал келтириши үчүн тез арада чечкиндүү кадамдарды жасашы зарыл», - деп айтылды биргелешкен билдирүүдө.

16-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе”, "ПолитКлиника" долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер. Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтышты. ИИМдин басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгүнүн негизинде иш козголуп, тергелип жатканын маалымдады.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстандын бийлигин өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн камсыз кылууга чакырды. Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас Кыргызстанга сапары учурунда кыргыз бийлик ээлерине өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдирди. Акыйкатчы Жамила Жаманбаева Кыргызстандын укук тартибин коргоо, сот жана прокуратура органдарын журналисттердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого чакырды.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев "Temirov Live" медиасынын ондон ашуун мурдагы жана учурдагы кызматкерлеринин үйү тинтилип, ИИМге күч менен суракка жеткирилишин сөз эркиндигине кысым деп эсептебей турганын билдирди. 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып Тагаев "Кыргызстанда журналистика майдаланып, деградацияга учурады. Кыргыз журналистикасы өзгөрүшү керек. Маалыматты толук аңдабай туруп эле аны ашыра чаап жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Андыктан соңку окуяны басым-кысым деп айтуудан алыс болууга чакырам", - деди. (RK)

Дагы караңыз

Азия кубогу-2023: Кыргызстан Тайландга 0:2 эсебинде жеңилди 16-январь: Журналисттер камалды, активист соттолду, Воронежде өзгөчө кырдаал жарыяландыОн бир журналисттин иши: Сегизи абакта калды, үчөө үй камагына чыкты Сөз эркиндиги: ИИМ суракка алып кеткен 11 киши камакка алынды