Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Азия кубогу-2023: Кыргызстан Тайландга 0:2 эсебинде жеңилди


Доха, Катар. 16-январь, 2024-ж.
Доха, Катар. 16-январь, 2024-ж.

Бүгүн, 16-январда Катардын Доха шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тайланд курамасына каршы Азия кубогундагы алгачкы беттешин өткөрүп, 0:2 эсебинде жеңилди.

Оюндагы эки голду Тайланддын чабуулчусу Супачай Чайдет (26, 48-мүнөт) киргизди. Беттеш Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү.

Кыргызстандын футболчулары Тайланд менен буга чейин 2001-жылы беттешкен. Анда Кыргызстан курамасы 3:1 эсебинде утулуп калган. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФА рейтингинде 98-орунда турат.

Азия Кубогуна даярдануу үчүн кыргызстандыктар жалпы төрт жолдоштук беттеш өткөрүп, Өзбекстанга 4:1, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасына 1:0 менен утулса, Сирия менен тең ойноп, Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган команданы алып барды. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде жарым коргоочу Алимардон Шүкүров, коргоочу Валерий Кичин жараатынан улам мелдешке катыша албасы буга чейин айтылган.

Тайланд курамасы FIFA тизмесинде 113-болуп турат. Ал Азия Кубогуна 1972-жылы катышып, ошол жылы үчүнчү орунду ээлеген. Өткөн Азия Кубогунун 1/8 финалында Кытай курамасына 2:1 эсеби менен жеңилип, мелдештен четтеген.

Кубок үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдештин жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. Эми 21-январда Сауд Арабиясы, 25-январда Оман менен беттешет.

XS
SM
MD
LG