Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

16-январь: Журналисттер камалды, активист соттолду, Воронежде өзгөчө кырдаал жарыяланды


16-январда милицияга сурак берип, 48 саатка кармалган журналисттер
16-январда милицияга сурак берип, 48 саатка кармалган журналисттер

16-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жапырт тинтүү жана 48 сааттык камак

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов жана “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, редакциянын дагы бир кызматкери Максат Тажыбек уулу, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Жумабек Турдалиев, Акыл Орозбеков жана "ПолитКлиниканын" журналистти Тыныстан Асыпбеков 48 саатка камалды. Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес экенин айтып жатышат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Активист беш жылга соттолуп, пробация менен чыкты

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту жарандык активист Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, бирок үч жылдык пробация мөөнөтү менен сот залынан бошотту. Адвокат Акмат Алагушев айыпталуучу үч жылда мыйзам бузууларга аралашпаса, беш жыл дегени каралбайт жана мөөнөтү ошону менен бүтөт деп тушүндүрмө берди. УКМК Төрөкуловага социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнө байланыштуу “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгоп, былтыр сентябрда камаган. Активист коюлган айыптарды “саясий буюртма” деп баалаган. Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Ал буга чейин “Улуу журт” жана “Күч биримдикте” партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.

Жамгырчиев Жогорку Кеңешке келди

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынына катышып, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди. Ал ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп, өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтуу туура болорун билдирди. 10-январда депутатка “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” деген берене менен иш козголгон. Депутаттык комиссия Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстанда “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал, кылмыш дүйнөсүнүн анабашы атыккан Салим Абдувалиевден "колдоо алыш үчүн мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп", ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын билдирген. Бул маалыматты атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган. 9-январда Жамгырчиев парламенттин имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп, качып кеткенин көрсөткөн видео тараган. 12-январда депутат УКМКда сурак берип чыкканы маалым болгон.

Педофилдерди өмүр бою абакка кесүү долбоору

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен соттолгон сегиз адамдын ичинен төрт киши, “Зордуктоо” беренеси менен кесилген сегиз адамдын ичинен экөө мунапыс менен абактан чыгып кеткенин билдирди. Эл өкүлү педофилияга айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратууну жана аларга мунапыс да берилбешин талап кылган мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет “Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштады.

Иран Ирактын түндүгүнө жана Сирияга ракеталык сокку урду

Иран 16-январга караган түнү Ирактагы жана Сириядагы бир нече жерди баллистикалык ракета менен аткылады. Reuters агенттиги маалымдагандай, Эрбил шаарынан 40 чакырым жерде турган АКШнын консулдугу жана жай тургундар жашаган конуштар бутага алынган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдстан автоном аймагындагы жана Сириядагы Иранга каршы күчтөргө сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, баллистикалык ракеталар менен Эрбилдеги Моссаддын “тыңчылар” кеңсеси жок кылынды. Эрбил – Ирактын түндүгүндөгү күрд автоном аймагынын баш калаасы. Ал эми Сириянын түндүгүндө, Ирандын белгилешинче, бутага “Ислам мамлекети” террордук тобунун туруму алынганы кабарланды. Күрд аймактык өкмөтүнүн коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, чабуулдан төрт жай тургундун өмүрү кыйылды, дагы алты киши жараат алды.

Давос: Зеленский НАТОнун жана Еврокомиссиянын жетекчилери менен жолукту

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумга келген украин президенти Владимир Зеленский алгач НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолугуп, согуштагы кырдаалды талкуулады. Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана жолугушуусун "абдан жакшы өттү" деп сыпаттады. 14-январда Давосто 80ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрү «Украина үчүн тынчтык формуласын» талкуулады. Давостогу жыйынга Орусиянын өкүлү чакырылган эмес.

Воронежде өзгөчө кырдаал жарыяланды

Орусиянын Воронеж аймагында шейшембиге караган түндөгү дрон чабуулунан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Облус губернатору Александр Гусев дрондордун сыныктары түшкөн жердеги жети кабат үйдө кеминде 35 батир талкаланып, 11 жаштагы кыз жараат алганын айтты. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Воронеж шаарынын жана облустун аймагынан украиндердин беш учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн, дагы үчөөнү токтотуп калышкан. Расмий Киев бул боюнча комментарий бере элек. Воронеж облусу Украинанын Луганск облусу менен чектешет. Орусия Украинаны "Шахед" дрондору менен күн сайын аткылоодо.

XS
SM
MD
LG