Ысык-Көлдө күндөн энергия алуучу станция куруу мартта башталары айтылды

Таалайбек Ибраев, Энергетика министри

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына 300 МВттан кем эмес күндөн энергия алуучу станциясын куруу иши ушул жылдын март айында башталат. Бул тууралуу 16-январда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

"Азыркы күнгө чейин долбоорго 47 млн сомдун тегерегинде акча салды. Инженердик-геодезиялык изилдөө бүткөрүлдү, толугу менен архитектура, шаар куруу корутундусу алынды. Убактылуу курулуш шаарчасын орнотуу үстүндө иштеп жатат. Азыркы тапта "Бишкек Солар" компаниясы үч финансылык институттардын долбоорун каржылоого катышууга кызыктар. Бул Орусия өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү фонду, "Газпром-Банк" жана "Юнигрин Энержи" деген компания ортосунда келишим түзүп Тору-Айгырдагы 300 МВттык 300 млн доллар салганга даяр болуп турат. 407 гектар жер алынган", - деди министр.

Кыргызстан-Орусия ишканаларынын 11-октябрда Жалал-Абад облусунда өткөн аймактар аралык конференциясында Энергетика министрлиги 300 МВттан кем эмес күндөн энергия алуучу станцияларды куруу жана колдонуу боюнча "Юнигрин Энержи" жана "Бишкек Солар" ишканалары менен келишим түзгөн. Долбоорго салынуучу инвестициянын суммасы 250-300 млн доллардын айланасында болору айтылган.

Кыргызстанда электр энергиясы негизинен суудан алынат. Сууга альтернативдүү түрдө шамалдан жана күндөн энергия алуучу станцияларды куруп, ишке киргизүү буга чейин да сунушталып келген.

Кыргызстанда 2021-жылы 15,1 млрд. кВт/саат электр тогу чыгарылса, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түздү. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам суудан башка булактардан энергия алуу демилгеси буга чейин да көтөрүлүп келген.(КЕ)

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилдиЗеленский Давосто НАТОнун жана Еврокомиссиянын жетекчилери менен жолуктуИИМде айрым журналисттер сурак берип бүткөнү кабарланды Медиа аракеттенүү платформасы журналисттердин кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады