Журналист Токтакунов тинтүү, кармоолорду сөз эркиндигин чектөө деп баалады

Али Токтакунов

"Медиа хаб" долбоорунун жетекчиси, журналист Али Токтакунов Кыргызстанда бийлик, күч кызматтары тарабынан журналисттерге кысым жасалып, үйлөрү, кеңселери тинтилип, өздөрү камалып жатканы - сөз эркиндигин чектөө аракети деп сыпаттады. Ал бул тууралуу 16-январда "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сүйлөп жатып билдирди:

"Журналисттерди террористтердей кылып, келип баса калып, таң азанда төшөгүнөн сууруп кетип жатканы - башка журналисттерге да көрсөтүп коёлу дегени. Коррупционерлерди минтип кармаган эмес, биз билебиз кантип кармашканын. Элдин миллиарддаган акчаларын уурдаган адамдарды минтип кармаган эмес. Аларды кантип кармаганын жакшы билебиз. Бийликтин журналисттерге, активисттерге ушундай мамиле кылып жатканы - сөз эркиндигин чектөө аракети. Мындан сөз эркиндиги жабыркашы мүмкүн, бирок элдин үнү өчпөйт. Журналисттерди ушинтип сүйлөтүп жаткан - эл. Алардын берген маалыматы. "Күч менен оозуңарды жаап коёюуз, басып коёбуз" деген максат эч убакта ишке ашпайт. Буга чейин да журналисттерди коркутуп, бийик кабаттан ыргытып жиберген, узак мөөнөткө камаган учурларда да, ага моюн бербей, оожалып келген. Мындан ары да ошондой боло берет".

Али Токтакунов Кыргызстан былтыр сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде элүү баскычка артка кеткенин белгиледи.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери жалпысынан сегиз журналистти суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен тергелип жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Икрамов: журналисттерди суракка алуу демократияга тескери таасир этетЖК комитети педофилдерди өмүр бою абакка кесүү долбоорун колдодуОн бир журналисттин иши: Сегизи абакта калды, үчөө үй камагына чыкты Жамгырчиев комитет жыйынында өзүнүн иши боюнча комментарий бердиВоронежде дрон чабуулунан кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды