УКМКда киберчабуулдарга ыкчам чара көрүү борбору ачылды

УКМКнын киберкоопсуздук борбору. Бишкек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Киберкоопсуздук борборунда Компьютердик окуяларга чыкчам чара көрүү борбору (SOC) ачылды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, борбордун ачылышы Кыргызстандын киберкоопсуздугун камсыздоодогу стратегиялык кадам болуп саналат. Бул борбор санарип мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү, киберкоркунучтарды ыкчам аныктоону жана аларга жооп кайтаруучу алдыңкы технологиялар менен жабдылды.

Маалыматка ылайык, борбор өзүнө туташкан уюмдардын да маалымат инфраструктурасын үзгүлтүксүз коргоо жөндөмдүүлүгүнө ээ.

Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүүчү борбор Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргелешкен долбоордун алкагында ачылды.(ZKo)

Дагы караңыз

Трамп Айовадагы баштапкы добуш берүүдө алдыга чыктыМбанктагы мүчүлүштүк: Кыргызстанда мобилдик банкинг канчалык коопсуз? Еврокомиссиянын өкүлү Кыргызстан менен кызматташтык уланарын айттыОн бир журналисттин иши: Сегизи абакта калды, үчөө үй камагына чыкты Депутат Икрамов: журналисттерди суракка алуу демократияга тескери таасир этетЭнергетикалык үч долбоорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” макамы берилди