Милиция “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңсесин жапты

“Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңсеси жабылды. 16-январь, 2024-жыл.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери 16-январда “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун Бишкектеги кеңсесинен техникасын алып кетип, эшигине мөөр басып жапты. Тергөөчү бул аракети тууралуу маалымат бербегенин кабарчыбыз билдирди.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйлөрүндө тинтүү болгон. Кийинчерээк милиция аларды суракка алып кеткен.

ИИМ социалдык тармактардагы “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал материалдарды ИИМдин Тергөө кызматы кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттап, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 12-январда эскспертизанын корутундусу чыгып, “Айт Айт Десе”, “Temirov Live” баракчаларындагы материалдарда массалык башаламандыктарга чакырыктардын белгилери бар деп аныкталган.

ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү - “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен кылмыш ишин козгогон.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. (TSh/ZKo)

Дагы караңыз

Автоунааларга милдеттүү түрдө видеокаттоо орнотуу мыйзамы Жогорку Кеңешке киргизилдиЧолпонбек Абыкеев "журналисттер жоопкерчиликтүү болушу керектигин" айттыАктивист Зарина Төрөкулова 5 жылга соттолуп, пробация менен бошотулдуБир аптада сасык тумоо менен 10 миңден ашуун адам катталды, анын 65% балдарОн бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылдыАктивист Темирлан Ормуков кармалганы белгилүү болду