Коюу тумандан улам Ош-Бишкек аба каттамдары кармалууда

"Манас" аэропорту туман каптаган учурда. Архивдик сүрөт

Өлкө аймагындагы коюу туманга байланыштуу айрым авиакаттамдар кармалууда. Бул тууралуу 16-январда "Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, учурда Бишкек-Ош багыты боюнча каттамдын убактысы жылдырылды. Мындан тышкары Ош-Стамбул багыты боюнча каттам да токтотулду. Учурда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калган. Аэропорт учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот.

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 12-декабрдан тарта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн, айрым аймактарда кар жаай турганын эскерткен. (КЕ)

Дагы караңыз

Жанар Акаев: Журналисттерди суракка алуу – сөз эркиндигине чабуул“ЖМК жөнүндө” документти ЖКнын дагы бир комитети караган жок Медиа коомчулук 24.kg агенттигиндеги тинтүүгө байланыштуу кайрылуу жасадыАктивист Темирлан Ормуков кармалганы белгилүү болду