Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды.
Сөөктү 15-январь күнү, саат 15:57де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары конуш четиндеги суудан таап, ата-энесине жана милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Маалыматка ылайык, аутизмден жабыркаган А. А. аттуу наристе 14-январь күнү Мурас-Ордо конушунда дайынсыз жоголгон. Баланы издөөгө ӨКМдин 17 куткаруучусу менен чогуу милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан ыктыярчылар тартылган.
Ички иштер министрлиги былтыр дайынсыз жоголгон 150 адам табылганын билдирген.(ZKo)
Дагы караңыз
Үч адамдын өлүмү: Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыраткан чечим күчүндө калды УКМК кармаган Маммүлктүн директорунун орун басары кызматтан алынды24.kg агенттигинде тинтүү жүрүп, редакторлору сурак берип чыкты Элчи Анкара кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилишин колдой турганын айттыӨкмөт “Керемет Банкты” Улуттук банктан сатып алууну көздөп жатат