2023-жылы Кыргызстандын ички дүң продуктусу 1,2 трлн сом болду

Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ички дүң продуктусу (ИДП) 1 трлн 200 млрд сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 6,2% өстү. Бул тууралуу 15-январда Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов узаган жылдын баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатып билдирди.

Кудайбергеновдун билдиришинче, мунун 483 млрд сомун өндүрүш тармагы камсыз кылды. Анын ичинен желим, курулуш материалдарын, фармацевтикалык, текстиль, кийим-кечек, булгаары, жыгач, кагаз, азык-түлүк, тамеки буюмдарын өндүрүү жана кен казуу арбыган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң продуктусунун көлөмү 1 трлн сомдук чектен өткөнүн жарыялап, “бул өлкө тарыхындагы алгачкы учур экенин” билдирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% болсо, 2023-жылдын баштапкы эсеби 6,2% темп менен чыкты. Адистер акыркы эки-үч жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилеп келет.

Кыргызстандын ички дүң продуктусунун номиналдык көрсөткүчү 2020-жылга чейин 400-600 млрд сом болуп келген. Такталган эсепте 2020-жылы 639 млрд сом, 2021-жылы 782 млрд сом, 2022-жылы баштапкы эсепте 971 млрд сом болгон. (ErN)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирди24.kg басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып жататБылтыр 17 миңге чукул адам иш менен камсыз болдуКыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасында байгелүү орун алдыӨКМ: Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн