Кемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирди

Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 15-январда "Кабар" агенттигине маек куруп, акыркы убактарда коомчулуктун талкуусуна түшкөн бир катар окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Мамлекет башчы анын арасында Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камалгандар кайсы бир элчиликтен акча алышканы тууралуу өзүнүн Курултайда айткан сөзүнө түшүндүрмө берди.

"Мен Курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алыпмын. Ал сөзүмө чапташып алып эле кайсы элчиликтен акча алдык деп жарга такай бериштин кереги жок. Бизде үч жолу революция болду. Биринчи эки революцияда тең сырткы күчтөр каржылады. Алар кимдер экенин элдин баары билет. "Кемпирабадчылар" арасынан кимиси кайсы сырткы күчтөр менен дайыма жолугушуп жүргөнүн, канча акча алганын өздөрү жакшы эле билишет. Жөн эле билбемиш болуп жатышат", - деген Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле өзү бийликке келген үчүнчү революция күтүлбөгөн жерден болгонун, сырттан эч кандай каржылоо болбогонун, элдин колдоосу менен гана ишке ашканын да айтты.

Былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берип жатып, алардын уюштуруучусу чет мамлекеттин элчисинен акча алганын, ошого байланыштуу сот жабык өтүп жатканын айткан.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткандар “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экенин билдиришкен. Буга байланыштуу алар президенттен “кемпирабадчылар” чет өлкөдөн акча алганы тууралуу далилдүү маалыматтарды талап кылышкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

24.kg басылмасынын кеңсеси тинтүүгө алынып жататТөрт жылда 23 киши жанын кыйды. Абактардагы суициддин себептери Былтыр 17 миңге чукул адам иш менен камсыз болдуКыргызстандык мугалимдер IMPACT олимпиадасында байгелүү орун алдыИзраилдин түндүгүндөгү аткылоодон эки жайкын тургун мерт кетти