Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Израилдин түндүгүндөгү аткылоодон эки жайкын тургун мерт кетти


Израил-Ливан чек арасы. Декабрь, 2023-жыл.
Израил-Ливан чек арасы. Декабрь, 2023-жыл.

Израилдин түндүгүндөгү Юваль шаарында көп кабаттуу үй аткыланган соң, анда жашаган эки адам - улгайган аял жана анын уулу набыт болду. Сокку Ливан тараптан болгону кабарланды. Израил армиясы - ЦАХАЛдын маалымдашынча, өлкөнүн түндүк чек арасындагы атышуу учурунда дагы бир аскер кызматкери мерт кетти.

Маалыматка ылайык, жекшембинин кечинде Израил армиясы "Хезболла" радикал тобунун Ливандын түштүгүндөгү позицияларына чабуул койду.

14-январда Израилге ХАМАС радикал тобунун (АКШ жана Европа биримдиги террордук уюм деп тапкан) Израилге кол салганына 100 күн болду.

Былтыр 7-октябрдан бери радикал топ тарабынан Израилде 1200дөн ашуун адам өлүп, 200дөй киши барымтага алынган, алардын 130у дагы деле барымтада кармалууда.

ХАМАСтын чабуулуна каршы Израил армиясы Газа тилкесинде согуштук операция баштаган. Тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги ЦАХАЛдын аскердик операциясынан жалпысынан 23 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылганын билдирген. Дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Израил-Ливан чек арасында да кырдаал курчуп, дээрлик күн сайын ЦАХАЛ менен "Хезболланын" атышуусу уланууда. "Хезболланын" башчысы Хасан Насралла жекшембиде Газа тилкесинде тынчтык орномоюн, чабуул улана берерин билдирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ага жооп кылып, Израилдин ХАМАСты жеңип чыгышына эч ким жолтоо боло албасын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык соту Түштүк Африка Республикасынын өтүнүчү менен Израилди Газа тилкесинде согушту токтотууга мажбурлоо боюнча угууларды баштаган. Сотко ТАРдын өкүлдөрү былтыр декабрда кайрылып, Израилдин Газа тилкесиндеги согуштук аракети коргонуу мүнөзүндө эмес, геноцидге айланып баратат деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG