2023-жылдын жыйынтыгына ылайык, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% азайып, 91,6 миң адамды түздү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Азаттыкка" маалымдагандай, былтыр жумушсуз катары каттоодо турган 16 700 адам иш менен камсыз болду.
Ал эми жумушсуздуктун деңгээли 2,8%, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1% аз.
Улуттук статистикалык комитети декабрь айында жалпы Кыргызстан боюнча 70 479 адам жумушсуз болсо, анын 43,8 пайызы аялдар түзөрүн кабарлаган.
Жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Буга, адистердин айтымында, жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны эмгекке жарамдуу элдин 9% түзөт.
Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө жумушчулар жетишпей жатканын, өзгөчө тигүү тармагына жана кара жумушка иштөөчү адамдардын жетишсиздигин белгилеп келет. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги 1-июлга карата өлкөдө 12 465 жумушчу орду бош турганын билдирген.
АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) быйылкы сурамжылоосуна катышкан адамдардын 29% өлкөдөгү башкы көйгөй деп жумушсуздукту көрсөтүшкөн. 28% баалардын кымбатташы, 14% коррупция деп жооп берген.(ZKo)