ӨКМ: Тоолуу жолдордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Төө-Ашуу ашуусундагы жол тазалоочулар. Архивдик сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка - Акташ унаа жолунда кар көчкү түшөт жана кар күрткү чогулат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертүүдө.

Ушул тапта Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолу кар көчкү коркунучуна байланыштуу 15-январдан тарта түнкү саат 00:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин аба ырайы турукташканча убактылуу жабылды. (ZKo)

Дагы караңыз

“Kloop” порталынын иши: УКМК сотко үчүнчү тарап катары катышатИзраилдин түндүгүндөгү аткылоодон эки жайкын тургун мерт кеттиБылтыр менчик клиникаларга 1,5 млн сом айып салындыТиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмү боюнча комиссия маалымат бердиБишкек шаары үч эсе кеңейет. Кайсы айылдар кирди?