Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Тиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмү боюнча комиссия маалымат берди


Алия Кубанычбекова
Алия Кубанычбекова

Бишкекте тишин дарылоо учурунда чарчап калган үч жаштагы Алия Кубанычбекованын окуясы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия 15-январда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кыскача маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары, комиссиянын төрагасы Ринат Мавланбай уулу комиссиянын корутундусу укук коргоо органдарына өткөрүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатканын, анестезиолог камакка алынганын айтты.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен айып коюлган. Ринат Мавланбай уулунун сөзүнө караганда, Алия Кубанычбековага ийнени анестезиолог сайган.

“Биз буга чейин эле менчик клиникаларды текшерип баштаганбыз. Текшерүүлөр бүтө элек. Ал эми Dentamax жеке клиникасы текшерүүдөн кийин жабылган. Бирок окуя Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунда болгон”, - деди Ринат Мавланбай уулу.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG