“Kloop” порталынын иши: УКМК сотко үчүнчү тарап катары катышат

“Kloop” порталынын кеңсеси.

15-январда Бишкектин административдик сотунда “Kloop” порталынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы доо арыздары боюнча баштапкы соттук угуу уланды. Бул тууралуу сайттын Telegram социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, соттук жараянда судья Маданият министрлигинин сотко үчүнчү тарап кылып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрүн катыштыруу өтүнүчүн канааттандырды. Тыныгуу жарыяланып, отурум 31-январда улантылмай болду.

“Kloop” порталынын юристтери былтыр ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине каршы эки арыз жазып, Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

Биринчи доо арыз министрликтин 2023-жылдын 7-8-сентябрындагы эки чечимин жокко чыгарууну талап кылуу жөнүндө. Анда Маданият министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

Былтыр 8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

“Клооптун” экинчи доо арызы министрликтин өткөн жылдын 9-октябрындагы чечимине байланыштуу. Анда Маданият министрлиги Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

“Kloop” доо арыздарында соттон Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин чечимдерин толугу менен жокко чыгарууну жана аларды жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Андан тышкары Бишкек шаардык прокуратурасы “Kloop” порталын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануу билдиришкен. “Kloop” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (BTo)

Дагы караңыз

Израилдин түндүгүндөгү аткылоодон эки жайкын тургун мерт кеттиБылтыр менчик клиникаларга 1,5 млн сом айып салындыТиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмү боюнча комиссия маалымат бердиИранда Махса Амини тууралуу жазган журналисттер түрмөдөн "убактылуу" чыгыштыБылтыр декабрда өлкөгө 19 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келди