Былтыр менчик клиникаларга 1,5 млн сом айып салынды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана депутат Аида Исатбек кызы. Ош базарындагы рейд учуру. 31-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстанда 2023-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустарында 626 жеке менчик клиника текшерилип, 251 ишкерге 1 млн 500 миң сом айып пул салынды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов 15-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, текшерилген 626 менчик клиниканын 216сында медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок болуп чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин өткөн жылдын ноябрь айындагы маалыматы боюнча, өлкөдө лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөндөрдүн саны үч миңге чамалайт.

Мындай клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталган. (BTo)

Дагы караңыз

Тиш догдурда чарчаган Алиянын өлүмү боюнча комиссия маалымат бердиИранда Махса Амини тууралуу жазган журналисттер түрмөдөн "убактылуу" чыгыштыБылтыр декабрда өлкөгө 19 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келдиОрусия: Владивостоктун мурдагы мэри түрмөдөн Украинадагы согушка кеттиДавосто Украинанын "тынчтык формуласы" талкууланды