Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй ракета учурду

Түндүк Кореянын 18-декабрдагы сыноосу тууралуу кабар Сеулдун темир жол станциясындагы телевизордо көрсөтүлүп жаткан учур.

Түндүк Корея жекшемби күнү Жапон деңизин көздөй орто аралыктагы баллистикалык деп сыпатталган ракетасын учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын армиясынын башкы штабы билдирди. Маалыматка ылайык, Пхеньян шаарына тушташ аймактан учурулган ракета миң чакырымдай учуп барып, Корей жарым аралы менен Жапониянын ортосундагы деңизге түшкөн.

Reuters жаңылыктар агенттиги жазгандай, Жапониянын Коргоо министрлиги ракета 50 чакырымдык бийиктикке чейин көтөрүлгөнүн ырастап, Түндүк Кореяны Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын бузду деп айыптаган. Маалыматка ылайык, ракета Жапониянын деңиздеги эксклюзивдүү экономикалык аймагына жетпей сууга түшкөн.

Бул авторитардык лидер Ким Чен Ын башкарган Түндүк Кореянын 2024-жылдагы алгачкы сыноосу. Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түндүк Кореянын расмий жетекчилери бул сыноо тууралуу толук маалымат бере элек.

Айрым эл аралык маалымат каражаттар соңку сыноо Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хинин 15-17-январь күндөрү Орусияга барар алдында өткөрүлгөнүнө көңүл бурушууда.

Декабрь айында расмий Пхеньян "Хвасон-18" аттуу континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын жарыялаган. Бул ракета АКШнын аскердик базаларына чейин жете алары кабарланган.

Дагы караңыз

Данияда жаңы падыша ишке кириштиБээжин жактырбаган талапкер Тайвандагы шайлоодо жеңдиБишкекте балдардын тез жардам ооруканасында эки жашар бала чарчап калды MBank кардарлардын акчасынын жоголушуна түшүндүрмө бердиУкраин армиясы: Орусия бир суткада 800дөн ашуун аскерин жоготту