Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Данияда жаңы падыша ишке киришти


Маргрете II тактыдан баш тартканы тууралуу документке кол койгондон кийин ордун уулу Фредерик X бошотуп кетип жаткан учур, 14-январь, 2024-жыл.
Маргрете II тактыдан баш тартканы тууралуу документке кол койгондон кийин ордун уулу Фредерик X бошотуп кетип жаткан учур, 14-январь, 2024-жыл.

Данияда 55 жаштагы Фредерик X жаңы падыша деп жарыяланды. Бул тууралуу Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен 14-январда Кристиансборг сарайынын балконунан элге маалымдады.

Жаңы падышаны жарыялоо салтанатын көрүү үчүн Копенгагендин борборуна он миңдеген жарандар топтолушту.

Мунун алдында жаңы падышанын апасы, Даниянын ханышасы Маргрете II тактыдан баш тартканы тууралуу расмий документке кол койгон. Бул иш-чарага падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана расмий өкүлдөр катышкан.

Даниянын ханышасы катары 52 жыл кызмат кылган 83 жаштагы Маргрете II тактыны уулуна өткөрүп берерин жаңы жылдык кайрылуусунда жарыялаган. Ал Даниянын монархиясынын дээрлик 900 жылдык тарыхында тактыдан өз эрки менен баш тарткан биринчи монарх деп сыпатталууда.

Жаңы падыша ишке киришкенден кийин анын 18 жаштагы уулу, ханзаада Кристиан тактынын мураскери болуп калды.

Конституциялык монархия катары Данияда падыша формалдуу жана шаан-шөкөттүү ыйгарым укукка гана ээ. Британия сыяктуу Данияда да падыша мамлекеттин башчысы болгонуна карабастан негизги саясатты парламент тандаган өкмөт жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG