Израил менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ жана Европа биримдиги террордук уюм деп тапкан) ортосундагы согуш жүз күндөн бери уланууда. Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху согушчан топту жок кылууда "бизди эч ким токтото албайт" деген.
Гуманитардык кризисти жараткан калабадан улам миңдеген адам набыт болуп, Палестинанын курчоого алынган аймагынын көбү урандыга айланды.
Ошол эле учурда Иран колдогон Йемендеги хуситтер ишемби күнү Израил менен байланышы бар деп эсептеген Кызыл деңиздеги кемелерге жаңы сокку урду. Бир күн мурда АКШ жана Улуу Британия Кызыл Деңиздеги соода кемелерине кол салууларга жооп катары Йемендеги хуситтердин аскердик базаларына сокку урган.
Газадагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын чабуулунунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 23 миңден ашуун адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (SE)
Дагы караңыз
Мэрия жол кирени көтөрүү боюнча токтом даяр боло электигин билдирди Дүйшөмбү күнү көпчүлүк аймактарда кар жаайтПрезидент Садыр Жапаров 2024-жылдын бюджетин бекиттиКыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде бир тепкич ылдыйладыБээжин жактырбаган талапкер Тайвандагы шайлоодо жеңди