Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Мэрия жол кирени көтөрүү боюнча токтом даяр боло электигин билдирди


Бишкек шаарындагы коомдук транспортто жол кирени көтөрүүнүн мөөнөтү жылды. Буга чейин тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган эле.

Мэриянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга элек. Азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен төлөй беришет. Токтом качан даяр болуп, кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча айтыла элек.

Жол кирени көтөрүү чечимин шаардык кеңеш 27-декабрда кабыл алган. Ага ылайык, 15-январдан тартып автобус жана троллейбуста жол кире "Тулпар" картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом деп белгиленген. Жеке жана кичи автобустардыкы 20 сом деп чечилген.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов баалардын кымбатташынын максаты - жүргүнчүлөрдү төлөмдүн накталай эмес түрүнө өткөрүүгө шыктандыруу экенин айткан.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө жаңы сатылып алынган автобустарды жоготуп алуу коркунучу турганын билдирген.

Борбор шаарда коомдук транспорт көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Былтыр Кытайдан жаңы автобустар алынган.

Азыр борбордо кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом. (SE)

XS
SM
MD
LG