Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын бюджетин бекитти

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 2024-жылга бюджетин бекитти.

Жогорку Кеңеш 14-декабрда кабыл алган мыйзамга Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы 13-январда кабарлады.

Документ “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзам" деп аталат.

Анда быйылкы киреше 378 млрд 405 млн сомдон ашып, чыгаша дээрлик 367 млрд 500 млн сомго жетери белгиленген. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп бекитилген.

Профицит – өлкөнүн кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч.

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сомдун тегерегинде каражат жумшоо каралып жатканын финансы министри Алмаз Бакетаев 19-декабрда маалымат жыйында билдирген. (SE)

Дагы караңыз

Бээжин жактырбаган талапкер Тайвандагы шайлоодо жеңдиКыргызстандын паспорту дүйнөлүк рейтингде бир тепкич ылдыйлады Zagreb Open мелдешинде Айпери Медет кызы да алтын алдыАйсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алды