Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү Ошто жерге берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын борбору Москвада 10-январда каза болгон Кыргызстандын 37 жаштагы жаранынын сөөгү 12-январда мекенине алынып келип, Ошто жерге берилди. Маалыматка ылайык, анын сөөгү такси кызматын көрсөтүп жүргөн автоунаасынан табылган жана өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө органдары соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

Маркумду Кыргызстанга алып келүүгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жардам берип, бюджеттен 70 миң рубль бөлгөн.

Министрлик 2023-жылы чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алынып келгенин, алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгенин билдирген. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы: тараптар айрым тилкелер боюнча орток пикир табылганын билдирди Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин иши боюнча сот башталдыАКШ Орусияга Түндүк Кореядан ракета алганы үчүн санкция салдыГеноцидге айыпталып жаткан Израил Гаагада дооматтарды четке какты“Коён” каймана аты бар Низамов дагы кармалып, кайра үй камагына чыктыТүркиядан 50дөй түркмөн жараны депортацияландыУлуттук банктын резерви жыл аягында 3 млрд 236 млн доллар болду