Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

АКШ Орусияга Түндүк Кореядан ракета алганы үчүн санкция салды


Түндүк Кореяныкы делген ракеталардын бири 6-январда Харьков аймагына түшкөн.
Түндүк Кореяныкы делген ракеталардын бири 6-январда Харьков аймагына түшкөн.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Түндүк Кореядан баллистикалык ракеталарды орус армиясына алып бергени үчүн үч орус ишканасына жана бир адамга санкция салды. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жарыялады. Анын атынан таратылган билдирүүдө Түндүк Кореяда чыгарылган баллистикалык ракеталардын Орусияга берилиши “орус аскердик агрессиясын колдоп, украин элинин запкысын күчөтүп, курал-жабдыкты жайылтпоо боюнча глобалдык режимди бузуп жатат”.

Маалыматка караганда, санкциялар Астрахан облусундагы Владимировка жана Ашулук полигондоруна, "224 летный отряд" авиакомпаниясына жана анын директору Владимир Михейчикке салынды.

4-январда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби Орусия Түндүк Кореядан бир канча ракета жана аны учуруучу техника алганын жана алардын жок эле дегенде бирөөнү 30-декабрда Украинаны жапырт аткылаганда колдонгонун айткан.

10-январда БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө жети мамлекет Москванын Пхеньяндан ракета сатып алышын жана аларды Украинада колдонушун айыптаган билдирүү жасашкан. Алар Орусияны Коопсуздук кеңешинин Пхеньян менен аскердик-техникалык кызматташууга тыюу салган эмбаргосун бузганына айыпташкан.

Орусия Түндүк Кореядан ракета алганын мойнуна албай келет.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Түндүк Кореядан алынган баллистикалык ракеталар Орусиядан Украинага 6-январда да учурулган. Мындай ракеталар, адистердин айтымында, 900 чакырым аралыкка чейин таамай тийиши мүмкүн.

Ракеталардын бири 2-январда Харьковдун борборуна түшкөн, эки аял каза болуп, 60тан ашуун киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG