Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:35

Түркиядан 50дөй түркмөн жараны депортацияланды


Стамбул аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Стамбул аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын 50дөй жараны жасалма документ колдонгону үчүн айыпталып Түркиядан депортацияланды. Бул тууралуу бир катар түрк маалымат каражаттары жазды.

“Испарт провинциясынын миграция кызматы 5-8-январь күндөрү жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында туруктуу жашаганга уруксат алуу боюнча жасалма документтерди даярдаган адамдарга каршы тергөө иштери башталды”-деп жазат Haberler.com басылмасы.

Көп түркмөнстандыктар Түркияга барып иштеп, акча табышат. 2022-жылдын күзүндө расмий Ашхабаддын өтүнүчү менен Түркия түркмөнстандыктарга визасыз режимди жойгон. Өткөн жылдын жай айларынан бери түрк бийлиги мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөштү күчөтүп, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн миңдеген чет элдиктерди депортациялады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабад аэропортундагы булактары 2023-жылдын август-сентябрь айларында Түркиядан миңдеген жарандар депортацияланганын ырасташкан.

Түркмөн бийлиги мигранттар тууралуу маалыматтарга комментарий бербейт. Түркиянын Миграция кызматынын статистикасына ылайык, 31-декабрга карата өлкөдө 205 миңдей түркмөн жараны мыйзамдуу катталган. Укук коргоо уюмдары жана байкоочулар, мыйзамсыз жүргөндөрдү эске алганда бул сан кыйла жогору экенин эскертишет.

XS
SM
MD
LG