Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:46

“Коён” каймана аты бар Низамов дагы кармалып, кайра үй камагына чыкты


Ошто Коён деген каймана аты бар Майрамбек Низамов кайра кармалды. Ош милициясы тараткан сүрөт.
Ошто Коён деген каймана аты бар Майрамбек Низамов кайра кармалды. Ош милициясы тараткан сүрөт.

Ош шаардык милициясы 10-январда кылмыш чөйрөсүндө “Коён” деген каймана ат менен таанымал Майрамбек Низамовду алдамчылыкка айыптап кармап, шектүү кайра үй камагына чыкты. Анын бөгөт чарасын 12-январда Ош шаардык соту карап ушундай токтом кабыл алды.

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, Майрамбек Низамов шаардагы күрөөканалардын бирине күрөөгө “iPhon 14 pro Max” үлгүсүндөгү телефондун бош кутусун таштап, 50 миң сом алып кеткен.

Ал былтыр ноябрь айында да кармалып, кайра чыккан. Анда жабырлануучу Майрамбек Низамов 2023-жылы 18-октябрда анын “Лексус ЕС” автоунаасын 27 миң долларга баалап алып кеткенин, акчаны 31-октябрда берем деп убадасына турбаганын билдирген.

Тергөөдө Майрамбек Низамов машинаны 28-октябрда эле 25 миң долларга сатып жиберип, акчаны иштетип жибергени аныкталган.

Шектүүгө каршы Ош шаарынын Кара-Суу районунун тургуну да арыз жазган. Ал эки автоунаасын Майрамбек Низамов жана дагы бир адам октябрь айында 45 миң долларга баалап алганын, акча бергенге чейин деп 60 “iPhone 14” жана “iPhone 15” телефондорун таштап кеткенин билдирген. Шектүүлөр акчаны убагында кайтарып бербей машинанын ээси бир телефондун кутусун ачкан. Кутунун ичинде кебезге оролгон үч болт болгон.

Майрамбек Низамов 2015-жылдан бери төрт жолу соттолгон. 2023-жылы эле башка кылмыштарга шектүү катары бир нече ирет кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыккан. Июль айында Ош шаарында бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жигитке бычак сайып жиберип, кармалган. Майрамбек Низамов менен жабырлануучу жарашып алгандыктан Ош шаардык соту аны 2023-жылдын 29-августунда бошоткон.

Былтыр 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен сабап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши жаракат алаган.

Майрамбек Низамов ошол арматура менен сабалган жигит экени белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG