АКШ менен Британия Йемендеги хуситтердин аскердик жайларына сокку урду

АКШ башында турган операциянын алкагында, аскердик кемеден Йемендеги хуситтердин жайларына каршы ракета учурулуп жатат. 12-январь, 2024-жыл.

Америка Кошмо Штаттары жана Британия Кызыл Деңиздеги соода кемелерине уланып жаткан чабуулдарга жооп катары Йемендеги хуситтердин аскердик жайларына сокку урду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматка караганда, соккулар абадан жана деңизден бомбалоочу учактардын, кемелердин жана суу алдында жүрүүчү аппараттардын жардамы менен жасалган. Йемен хуситтеринин өкүлү бир катар аскердик базалар чабуулга кабылганын ырастады.

АКШ президенти Жо Байден Вашингтон жана анын союздаштарынын операциясын Кызыл Деңиздеги соода кемелерине жасалган болуп көрбөгөндөй чабуулдарга түз жооп катары мүнөздөдү. Президент кошумчалагандай, Йемен хуситтеринин кол салууларынан 50дөн ашуун мамлекет жабыркады. Жалпысынан эл аралык кемелерге отуздай чабуул коюлган. 20дан көп мамлекеттин экипажы корктуп-үркүтүүлөргө кабылып, барымтага алынган.

Йемендин көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн хуситтер Кызыл деңиздеги кемелерге кол салып жатканына бир айдан ашты. Алар муну менен Газадагы ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна тилектештик жана колдоо көрсөтүп жатканын билдиришкен.

Алар Израилге карай багыт алган бардык кемелерге чабуул коерун эскертишкен. Бирок хуситтердин кол салууларына Израилге эч тиешеси жок жана ал жакка багыт албаган кемелер дагы дуушар болушту. Чабуулдардан улам бир катар компаниялар аймактагы өз ишмердүүлүгүн токтотууга барышкан.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдөн былтыр балык уулаган 220 миң метр тор чыгарылдыЧек ара: Баткенде кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу өтүүдөКадамжайда майып келин жолдошунун таягынан каза болду