Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Кадамжайда майып келин жолдошунун таягынан каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 2024-жылдын 2-январында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапты.

Бул тууралуу 11-январда “Азаттыкка” Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 2-январда болгон. Тергөөдө шектүү жубайы менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө баратып уруша кетип аялын муунтканы, маркум аба жетпей ошол эле жерде каза болгону аныкталган. Келиндин сөөгүн кароодо анын сол көз тарабында көгөргөн жаракаты жана моюнунда кол менен муунтулган белгилер табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

23 жаштагы келин угуу жана сүйлөөсү боюнча 1-топтогу майыптыгы бар болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошу да угуусу жана сүйлөөсү боюнча майып. Келин буга чейин да жолдошунун ур-токмогуна кабылганы боюнча жакындарына даттанганы кабарланды. Жубайлардын алты жана үч жаштагы эки кызы бар.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2023-жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түшкөн. Алардын дээрлик 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (JsA)

XS
SM
MD
LG