“Ислам каржы кооперативинин” негиздөөчүсү камалды

“Ислам каржы кооперативинин” кеңсеси.

“Ислам каржы кооперативинин” негиздөөчүсү Бакытбек Орозобеков 2024-жылдын 1-мартына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту 11-январда чыгарды.

9-январда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Бакытбек Орозобеков Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айыпталып кармалганын, ага каршы 40 адам арыз жазганын билдирген. Келтирилген чыгым 24 млн сомго жакын деп эсептелген.

“Ислам каржы кооперативинин” үлүшчүлөрү акча төгүп, аны кайра кайтара албай жаткандардын саны 2-3 миңге чейин жете турганын “Азаттыкка” билдиришкен. Үлүшчүлөрдүн алды 40-50 миң доллар төккөнү айтылды.

“Ислам каржы кооперативинин” негиздөөчүсү Бакытбек Орозобеков.

Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, “Ислам каржы кооперативин” 2022-жылы жети адам негиздеп, кийин башкаруусу толугу менен Бакытбек Орозобековго өткөн. Анын расмий сайтында кооператив ислам принциптери менен иштей турганы, 5 жылдан 25 жылга чейин турак жай, автоунаа, атайын техника алса болору жазылган. Ошондой эле алгачкы төлөмдүн суммасы аз экени, каражат пайызсыз берилери да көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда ар кандай каржы пирамидаларына, турак жай кооперативдерине азгырылып, акчасынан кол жууган учурлар буга чейин да катталган. (AiB)

Дагы караңыз

Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин мурда да милицияга кайрылганАкылбек Жапаров 250 миң жумушчу орун түзүү керек экенин айттыЭстония Украинанын куралдануусун жакшыртууга 1,2 миллиард евро бөлөт ИИМ сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши тууралуу маалымат берди Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлат