Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

ИИМ сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши тууралуу маалымат берди


Зордук-зомбулукка каршы плакат. Иллюстрациялык сүрөт.
Зордук-зомбулукка каршы плакат. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште айтылган Баткендеги сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымат берди.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, балага сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп шектелип, өгөй атасына эл аралык издөө жарыяланган.

Өткөн жылдын июль айында Баткендин тургуну жыл башында анын баласына 52 жаштагы экинчи күйөөсү сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн айтып кайрылган. Милиция балага соттук-медициналык жана психиатриялык экспертиза дайындап, Кылмыш жаза кодексинин 157-беренеси (“он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүгө сыртынан айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарган. Шектүү качып жүргөндүктөн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Анын иши Кылмыш жаза кодексинин 155-беренесине (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) алмаштырылып, издөө чаралары уланып жатат.

Жогорку Кеңештин 11-январдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарына кайрылып, Баткенде сексуалдык зомбулукка кабылган баланын ишин көзөмөлдөөнү талап кылган. Депутат күч органдарын үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына өзгөчө көңүл бурууга чакырган.

Укук коргоочулар өлкөдө балдар зомбулугу көп катталып жатканын айтып келишет. 9-январда Жалал-Абад шаардык милициясы 14 жаштагы кыздын зордукталышы тууралуу арыздын негизинде териштирүү жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев педофилияга айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратууну жана аларга мунапыс берилбешин талап кылган мыйзам долбоорун сунуштоодо.

Акыйкатчынын кеңсеси 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG