Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду


Арстанбек Абдылдаев.
Арстанбек Абдылдаев.

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 11-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органдын текшерүүсүндө Жаза аткаруу кызматынын 31-мекемесинин жооптуу кызматкерлери “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын аткарбаганы аныкталган.

“Айыпкер Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракеттерди жасап жаткан учурга көңүл бурбай, анын жеке коопсуздугун камсыз кылууга багытталган ыкчам чараларды көрбөгөндүктөн 2024-жылдын 5-январында 31-мекемеде Арстанбек Абдылдаев өз өмүрүнө кол салып, асынып каза болгондугу аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Жооптуу абак кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 348-беренеси (“Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун”) менен кылмыш иши козголду. Учурда ишти Аскер прокуратурасы тергеп баштады.

Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Арстанбек Абдылдаев психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 дарылоо мекемесине этап менен жеткирилген. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG