Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:26

Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин мурда да милицияга кайрылган


Айкыз Калмурза кызы.
Айкыз Калмурза кызы.

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 2024-жылдын 2-январында жолдошунун ур-токмогунан каза тапканы айтылган келин буга чейин да жолдошунан таяк жеп ооруканага түшкөнүн жакындары "Азаттыкка" билдирди. 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы 2023-жылы июнь айында күйөөсүнүн токмогунан ооруканада он күн дарыланып, окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Маркумдун бир тууганы Нургазы Пиржанов: «Биринчи топтогу майыптыгы бар карындашыбыз жолдошунан таяк жеп, облустук ооруканага жатканда милицияга арыз менен кайрылганбыз. Бирок ал арыз каралбай, жыйынтыгы тууралуу жооп да берилбей, калып кеткен. Ошол окуяга чара көрүлгөндө азыркы окуя болбой калат беле?» - деди 11-январда “Азаттыкка”.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, бирок кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын ырастады.

Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалды. Келиндин угуу жана сүйлөөсү боюнча 1-топтогу майыптыгы болгон. Кылмышка шек саналып кармалган жолдошу да угуусу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар. Жубайлар алты жана үч жаштагы кыздарды тарбиялап жаткан.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2023-жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат түшкөн. Алардын дээрлик 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (JsA)

XS
SM
MD
LG