Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылы өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 11-январда жумушчу орундарды түзүү маселелеси боюнча мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйында айтты.
Өкмөт башчы тышкы миграциянын агымын азайтуунун негизги жолу адамдарга Кыргызстанда жумуш таап берүү экенин белгиледи.
Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 70 миңден көп адам жумушсуз. Анын ичинен 43,8% аялдар. Расмий эсепте жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу элдин санынын 2,6% түзөт.
Жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Буга, адистердин айтымында, жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны эмгекке жарамдуу элдин 9% түзөт.
АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) былтыркы сурамжылоосуна катышкан адамдардын 29% өлкөдөгү башкы көйгөй деп жумушсуздукту көрсөтүшкөн. (BTo)
Дагы караңыз
Эстония Украинанын куралдануусун жакшыртууга 1,2 миллиард евро бөлөт ИИМ сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши тууралуу маалымат берди Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду Европарламентте Борбор Азия боюнча резолюция добушка коюлатГаага соту Израилге каршы арызды кароого киришти Күйөөсүнүн колунан каза тапкан келин мурда да милицияга кайрылганБаткенде сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши парламентте көтөрүлдү