Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык желеде мамлекет башчынын атын жамынган шылуундарга алданып калбоого чакырды. Бул тууралуу Фейсбукка жазып, Жапаровдун атын жамынган топтор кыска убакытта көп акча табууга чакырып, буга президент кепилдик бергендей түр көрсөтүп жатканын эскертти.
Алагөзов билдирүүсүндө конкреттүү бир аккаунт же баракча тууралуу айткан жок, бирок Nolik деген аккаунттун скриншотун кошо жарыялады.
2023-жылы мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарованын атынан социалдык медиада баракчалар ачылып, жалган маалыматтар тарап жатканы тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы эскерткен. (SE)
Дагы караңыз
Ошто даракты кыйган кафе жабылдыЖогорку Кеңеште сот системасы кайра сынга кабылдыНазарбаевдин иниси мамлекетке 650 миллиард тенге кайтардыИндияда асынып алганы айтылган кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди