Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:01

Жогорку Кеңеште сот системасы кайра сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлөв парламенттин 10-январдагы жыйынында жарандардан келген каттардын көбү сот системасына байланыштуу экенин айтты. Ал мындай оюн парламент Жогорку Соттун судьяларын шайлоону карап жатканда билдирди. Көкүловдун айтымында, бул тармакта бюрократиялык көрүнүштөр күч, ишти кароону негизсиз создуктурган учурлар көп.

Дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева да шайлоочулардан жарандык иштер боюнча сот системасына наарызылыктар көп айтыларын билдирди.

“Нечен жылдан бери “коррупцияга аралашпагыла, таза иштегиле деген сөздөр айтылат. Макул деп кетип, кийин эле соттордун 99% элдин ишеними жок. Демек, таза эмес. Элдик курултайда да президенттин дарегине сотторго байланыштуу кайрылуулар көп болду”, - деди дагы бир депутат Камила Талиева.

Жыйында Жогорку Соттун судьялыгына үч талапкер – Эркинбек Мамыров, Медербек Сатыев жана Элмира Байтикова сунушталды. Депутаттар алардын ичинен Сатыев жана Байтикованын талапкерлигин жактырды. Добуш берүүдөн соң шайланган судьялар Жогорку Кеңеште ант беришти.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Сот төраганын үч орун басары жана 31 судьядан турат. Президент Сот адилеттиги боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди парламентке сунуштайт, андан кийин беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

XS
SM
MD
LG