Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Назарбаевдин иниси мамлекетке 650 миллиард тенге кайтарды


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын баласы Кайрат Сатыбалды.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын баласы Кайрат Сатыбалды.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды мамлекетке жалпы 650 миллиард теңге кайтарды. Бул тууралуу 10-январда Жемкорлукка каршы агенттик билдирди.

“Анын камакка алынган активдеринин баары мамлекеттин эсебине өткөрүлөт. Бүгүнкү күнгө карата жалпы сумма 650 миллиард теңгени түзөт”,-деди мекеменин расмий өкүлү Арман Тлеукенов.

Маалыматка ылайык, Кайрат Сатыбалдыга карата “кылмыштуу жол менен тапкан акчаны жана мүлктү мыйзамдаштыруу” беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, сотко өткөрүлдү.

Сатыбалдыга каршы салык төлөөдөн качуу боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.

Ал эми былтыр ал "Алдамчылык же ишенимге кирүү менен мүлккө зыян келтирүү” жана “Ишенип берилген мүлктү уурдоо же өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча айыпталып, алты жылга кесилген. Ошондой эле ага он жыл мамлекеттик кызматка барууга тыюу салынды. Буга чейин прокурорлор Сатыбалдыдан "Күрмет" жана "Парасат" ордендерин да алып салууну өтүнгөн.

19-декабрда сот Сатыбалдынын абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу арызын канааттандырган эмес.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген.

2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Кайрат Сатыбалды 2022-жылы жазында кармалган, ошондон бери камакта.

XS
SM
MD
LG