Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Индияда асынып алганы айтылган кыргызстандык аялдын сөөгү алып келинди


Индиянын көчөлөрүнүн биринен тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Индиянын көчөлөрүнүн биринен тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Индияда асынып алганы айтылган кыргызстандык 32 жаштагы аялдын сөөгү мекенине алып келинди жана жакындарына берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 10-январда билдирди.

Кыргызстандык турист аялдын сөөгү Ришикеш шаарындагы отелден табылганын The Times of India басылмасы 7-январда жазган. Полиция ал кондиционердин шнуруна асынып алганын белгилеп, өз жанын кыйганын ырастаган.

Маалыматтарга караганда, кыргызстандык аял туристтердин тобу менен медиациялык программанын алкагында аталган шаарга 12-декабрда барган. Курс жыйынтыкталгандан кийин, 2-январда ал Holiday Home отелине жайгашкан, бирок эртеси дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү Raj Resort мейманканасынан табылган. Индиялык басылма маркумдун курбусунун сөздөрүнө таянып, ал акыркы күндөрү үй-бүлөлүк көйгөйдөн улам тынчсызданып жүргөнүн жазды.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги бул окуянын чоо-жайынын иликтенишине дыкат көңүл бурулуп жатканын кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG