Жапонияда бир апта мурдагы катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 120дан ашты. Бул тууралуу NHK телеканалы ишембиде кабарлады.
Соңку маалыматтарга ылайык, дагы 500дөн ашык киши жараат алды, мындан башка 200дөн көп адам дайынсыз болууда. Урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.
Ното жарым аралында жердин термелүүсү катталууда. Ишембиде анын күчү 5,3 баллга чейин жетти.
Күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда болгон. Исикава префектурасында ондогон имараттар талкаланып, миңдеген тургундар электр жарыгысыз калган. Кооптуу аймактардан 100 миңдей адам эвакуацияланган.
Дагы караңыз
Москва: мобилизацияга тартылган адамдардын жакындары акция уюштурдуБишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүТүндүк Корея: Ким Чен Ын кызы менен аскердик заводду кыдырды Өзбекстан: дарыга ууланган балдарга байланыштуу сот жанданды "Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүнөтДен соолукту чыңдоо фондунун акчасы Президенттин иш башкармалыгына өттү