Азербайжан өлкөдөгү дин тутуу эркиндигин коргоодогу мүчүлүштүктөрү үчүн АКШнын атайын байкоо тизмесине кирди. Бул тууралуу 4-январда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди жана Азербайжан менен катар тизмеге Борбордук Африка Республикасы, Комор аралдары жана Вьетнам да киргенин кошумчалады.
Жакында АКШнын Дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы (USCIRF) Тоолуу Карабак аймагындагы христиан динине байланыштуу объектилердин бүтүндүгүнө тынчсыздануусун билдирген баяндамасын жарыялаган. Бул аймак Азербайжандын карамагына өткөндөн кийин 100 миң этникалык армяндын баары Арменияга жер которууга мажбур болгон.
Комиссия ислам дини басымдуулук кылган бул өлкөдө президент Илхам Алиевдин тушунда башка динди карманган топтордун расмий каттоого туруусуна талап катуулаганын да белгилеген.
Буга чейин аталган тизмеге «өзгөчө кооптонууну жаратууда» деген негизде 12 өлкө кирген. Алар — Бирма, Кытай, Куба, Эритрея, Иран, Никарагуа, Түндүк Корея, Пакистан, Орусия, Сауд Арабиясы, Тажикстан жана Түркмөнстан. Бул өлкөлөрдө абал ошол бойдон экени айтылды.
Блинкен Кошмо Штаттардын тышкы саясатындагы негизги багыттардын бири дин тутуу эркиндигинин камсыздалышы экенин эскертти.
Тизмеге кирген өлкөлөргө санкция жарыялоо ыктымалдыгы жогорулайт. (RK)
Дагы караңыз
Путиндин мигранттарды согушка салган жарлыгы5-январь: Арстан Алай абакта каза болду, мурдагы бажычы бошотулдуИранда кош жардырууга шектелген бир нече адам камакка алындыИрандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" террордук уюму алды