Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:18

Иранда кош жардырууга шектелген бир нече адам камакка алынды


Иран. 3-январдагы кол салуудан мерт кеткендердин жерге берүү зыйнаты.
Иран. 3-январдагы кол салуудан мерт кеткендердин жерге берүү зыйнаты.

Иранда эки күн мурдагы жүздөй адамдын өмүрүн алган кош жардырууга шектелип бир нече адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн 5-январда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Өлкө президенти Ибрахим Раиси жардыруудан мерт кеткендерди жерге берүү зыйнатында «Биздин күчтөр мүмкүнчүлүгүн качан жана кайсы жерден көрсөтөрүн өзүлөрү билишет» - деп, айыптуулардан өч алынарын убада кылды.

«Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» командири Хусейн Салами «Миң жыл жашасаңар да, кайсы жерде болсоңор да, биз силерди табабыз», - деп билдирди.

4-январда «Ислам мамлекети» террордук уюму Иранда болгон эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган.

3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болгон.

Расмий Тегеран 84 адамдын өмүрү кыйылганын, дагы 284 адам жараат алганын билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары каза болгондор 100дөн ашканын кабарлап жатышат.

Иран жардыруулар үчүн Израилди жана АКШны айыптаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул окуяга эч кандай тиешеси жоктугун жана Израилден шек саноого да негиз жоктугун билдирген.

«Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна» кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан, сөөгү өзү туулуп-өскөн Керман шаарына коюлган. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.

2022-жылы да Иранда 15 адамдын өмүрүн кыйган жардыруу болгондо жоопкерчиликти өзүнө «Ислам мамлекети» тобу алган. (RK)

XS
SM
MD
LG