Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:08

5-январь: Арстан Алай абакта каза болду, мурдагы бажычы бошотулду


Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.
Арстан Алай. УКМК тараткан сүрөт.

5-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Арстан Алай абакта каза болду

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болду. Жаза аткаруу кызматы ал №31 дарылоо мекемесиндеги ашканадан асылган абалда табылганын билдирди. Юстиция министрлиги анын өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзүп, Жаза аткаруу кызматында кызматтык иликтөө башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген.

Аселдин мурдагы күйөөсүн өмүр бою кесүү демилгеси

Кыргызстанда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеп салган адамды өмүрүнүн акырына чейин эркиндигинен ажыратууну талап кылып, change.org сайтында кол топтоо башталды. 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу арыз менен кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Мурдагы бажычы бошотулду

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Нурмамат Канаев эч жакка чыкпоо тилкаты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайынан бошотулганы белгилүү болду. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастагандай, Октябрь райондук соту Нурмамат Канаевдин бөгөт чарасын 2023-жылдын 27-декабрында өзгөрткөн. Мындай сунушту УКМКнын тергөөчүсү берген. Атайын кызмат “Мантай” деген ат менен таанымал Нурмамат Канаевди былтыр декабрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып койгон.

Израилдин ХАМАСка каршы согушунун жаңы этабы

Израил ХАМАСка (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) каршы күрөшүндө негизги көңүлдү бул топтун согушкерлерин жана лидерлерин бутага алып, жок кылууга бурарын билдирди. Израилдин коргоо министри Йоав Галлант согуштун жаңы этабы башталганын, Газа секторунун түндүгүнө өзгөчө көңүл буруларын, ал жакта ХАМАС курган туннелдер жок кылынарын, рейддер жүргүзүлүп, абадан жана жерден сокку уруу операциялары уланарын айтты. Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө. Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду.

Түштүк Кореянын аралдарын көздөй 200дөй снаряд атылды

5-январда Түндүк Корея Түштүк Кореянын Пэннёндо жана Ёнпхёндо аралдарына жакын аймакка 200дөн ашуун артиллериялык снаряд атты. Бул тууралуу түштүккореялык “Рёнхап” маалымат агенттиги билдирди. Снаряддар чектилкеге (буфердик тилке) түшкөнү, эч ким жабыркабаганы, бирок расмий Сеул “Түндүк Кореянын аракеттериндеги аскердик чагымдын белгилери анык болуп жаткандыктан” Ёнпхёндо аралындагы тургундарды жашына турган жайларга бара турууга чакырганы маалымдалды. Түштүк Кореянын аскердик өкүлдөрү Пхеньянды чагымчылдыкка айыптап, чара көрүлөрүн эскертти. Өткөн айда да Түндүк Кореянын жээктеги артиллерия бөлүктөрүнүн аткылоосу катталган, расмий Пхеньян аны машыгуу деп атаган.

XS
SM
MD
LG