Туу боюнча пикир жазган бир нече киши УКМКга кирип чыкканы кабарланды

“Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова мамлекеттик туу боюнча социалдык тармактарда пикирин жазган бир нече адам 4-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) баарлашууда болуп чыкканынын билдирди. Укук коргоочу бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына да пост жазып, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген туунун нурлары 39бу же 40пы деген маселе боюнча суроо болгонун билдирди. Гүлшайыр Абдирасулова муну сөз эркиндигин чектөө катары баалады.

Ушундай эле билдирүүнү Фейсбуктагы баракчасына Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да жазды. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, туу боюнча жазган пикири үчүн журналисттер, активисттер атайын кызматка баарлашууга чакырылганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Бишкектин борборунда өзгөртүлгөн туу 1-январда илинген. Көп өтпөй социалдык тармактын бир катар колдонуучулары тууда күндүн 40 эмес, 39 эле нуру бар экенин жазып чыгышкан.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Ала-Тоо” аянтындагы флагштокко илинген жаңы желек 2-январда түшүрүлүп нурлары саналганын, “анын нурлары 39 эле экен” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламентте дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына, анын ичинде Ички иштер министрлигине (ИИМ) илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат. (BTo)

Дагы караңыз

4-январь: Туу маселеси курчуду, БУУ Ирандагы кол салууну айыптадыСадыр Жапаров Ирандагы кол салууга байланыштуу көңүл айтты"Моссаддын" башчысы ХАМАСтын ар бир мүчөсү аныкталып чыгарын айттыЖапонияда катуу жер титирөө кайталынышы мүмкүн деген эскертүү берилдиБерик Уали Токаевдин президенттик мөөнөтү 2029-жылы аяктарын эскерттиФутбол: Азия Кубогуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмеси чыктыТажикстанда оппозициялык сайтка кайрылган дыйкан беш жылга соттолдуМосква менен Киев жарым жылдан бери биринчи жолу туткундарды алмашты