Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Жапонияда катуу жер титирөө кайталынышы мүмкүн деген эскертүү берилди


Жапония.
Жапония.

Жапонияда 1-январдагы катуу жер титирөөдөн каза болгондор 48 адамга жетти, дагы 16 адамдын жарааты оор. Бул тууралуу 2-январда The Associated Press агенттиги билдирди.

Жапон өкмөтү апта ичинде жер дагы титиреп, күчү 7 баллга жетиши ыктымал экенин эскертип, кооптуу аймактарда жашаган элди этият болууга чакырды. 2-январда Токиодо өткөн маалымат жыйынында Жапониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсимаса Хаяси куткаруучулар уранды алдында калган дагы 120 адамга жетүү аракетин көрүп жатышканын билдирди:

“Апта ичинде 7 баллдык жер титирөө болушу ыктымал. Кечээки кырсыктан жабыркагандар, жергиликтүү бийлик аркылуу эвакуация бекеттери тууралуу маалыматты тактап, тийиштүү чара көрүңүздөр. Азыркы тапта 120 адам куткаруучунун жардамын күтүп жатат”.

Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, унаа каражаттары, кайыктар талкаланды.

Кырсык болгон аймакта 1000 аскер кызмактери куткаруучуларга жардам берип жатышат. 100 миңдей адам эвакуацияланды.

Аймакта жайгашкан бир нече атомдук электр станциясы кадимки тартипте иштеп жатканы кабарланды.

АКШ президенти Жо Байден Ак үй «жапон элине кандай жардам керек болсо, баарын берүүгө даяр экенин» билдирди. Жардамын Улуу Британия да сунуш кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG