Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

4-январь: Туу маселеси курчуду, БУУ Ирандагы кол салууну айыптады


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

4-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Бөрүгул уулу соттолгону белгилүү болду

Нарын облустук соту “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кескени белгилүү болду. Мындай өкүмдү облустук сот 2023-жылдын 7-декабрында чыгарган. Нарын шаардык соту буга чейин ушундай эле өкүм кылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бекназар Бөрүгул уулун былтыр 1-августта кармаган. Атайын кызматтын маалыматында, ал 2022-жылы 22-февралда Орусияга иштегени барып, кийин кылмыш жасаганы үчүн түрмөгө камалган. Абактан “Вагнер” жеке менчик компаниясы аркылуу келишимдик негизде Украинадагы согушка катышканы аныкталган. Бул Кыргызстанда Орусия тарапта Украинадагы согушка катышканы үчүн кармалган экинчи окуя.

Чүй облустук милициясы ЖК кабыл алган желекти илди

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы имаратынын алдына Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди. Мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы 3-январда өткөн. Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы флагштокко жаңы желек 1-январда илинген. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан бир топ айырмаланып турат. 3-январда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап, акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазды.

Чүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди. 3-январь, 2023-жыл.
Чүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди. 3-январь, 2023-жыл.

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондор 77ге жетти

Жапонияда 1-январдагы катуу жер титирөөдө каза болгондор кеминде 77ге жетти. Бул тууралуу 4-январда өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида билдирди. Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он миңдеген үй, автоунаа, кайыктар талкаланды.

БУУ Ирандагы кол салууну айыптады

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Иранда жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алган кол салууну айыптаган билдирүү таратты. Уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш каза болгондордун жакындарына, Иран элине жана өкмөтүнө көңүл айтып, уюштуруучуларды жана аткаруучуларды тез арада жоопко тартууга үндөдү. 3-январда өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болуп, соңку маалымат боюнча, 103 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 170 адам жараат алды.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу учурунда. Дубай, БАЭ.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу учурунда. Дубай, БАЭ.

Азия Кубогунда ойной турган футболчулар

Кыргыз футболдук бирлиги Катарда өтө турган Азия чемпиондугуна катыша турган оюнчулардын акыркы тизмесин 4-январда жарыялады. Тизмеге төмөнкү футболчулар кирген:

  • Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Марсел Исламкулов, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков;
  • Коргоочулар: Кайрат Жыргалбек уулу, Бактыяр Дүйшөбеков, Александр Мищенко, Християн Браузман, Айзар Акматов, Тамирлан Козубаев, Бекжан Сагынбаев, Сүйүнтбек Мамыралиев, Амантур Шамурзаев;
  • Жарым коргоочулар: Одилжан Абдурахманов, Адил Кадыржанов, Азим Азаров, Мерк Кай, Атай Жумашев, Бекназ Алмазбеков, Фархат Мусабеков, Мерк Кими, Гүлжигит Алыкулов, Нурдөөлөт Сталбеков;
  • Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Жоэл Кожо, Дастан Токтосунов.

Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Таиланд, Оман курама командалары менен беттешет.

XS
SM
MD
LG