Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

"Моссаддын" башчысы ХАМАСтын ар бир мүчөсү аныкталып чыгарын айтты


Дэвид Барнэа.
Дэвид Барнэа.

Израилдин Чалгын кызматы («Моссад») 7-октябрдагы кол салууга тиешеси бар адамдар кайсы жерде болбосун, баары аныкталарын билдирди. Кызматтын башчысы Дэвид Барнэа ХАМАСтын (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган уюм) ар бир мүчөсүнүн артынан түшүп, аныктап чыгышарын убада кылды.

«Моссаддын» жетекчисинин мындай билдирүүсү Ливанда ХАМАСтын таасирлүү жетекчилеринин бири өлтүрүлгөнү белгилүү болгон учурда айтылды. Барнэа анын өлүмү боюнча кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты, бирок 1972-жылы Мюнхендеги Олимпиада оюндары маалында «Моссаддын» агенттери израилдик спортчулардын өлүмүнө байланыштуу палестиналык жоочулардын изине түшүп, жок кылган окуяны эскертти.

Ливандын борбор шаары Бейрутта, Иран колдогон ливандык «Хезболла» радикал тобу көзөмөлдөгөн аймакта ХАМАС куралдуу тобунун лидеринин орун басары Салех ал-Арури жок кылынганы 3-январда белгилүү болгон. Бир катар маалымат каражаттары ал Израилдин учкучсуз учагы менен өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.

Бул окуядан кийин Израилдин Ливан менен чектешкен аймагындагы атышуулар "Хезболла" менен толук масштабдуу согушка айланышы ыктымал деген кооптонуу айтылган.

«Хезболланын» лидери Хасан Насралла ал-Аруринин өлтүрүлүшүн олуттуу кылмыш деп атап, бул кол салуу жоопсуз калбай турганын билдирген. Ал «буга дейре Газа секторун колдоо зарылчылыгы менен Ливандын улуттук кызыкчылыктарын сактоо ортосунда тең салмактуулукту карманып келгенин, бирок эгер Израил Ливан менен согуша турган болсо, «Хезболла» токтоосуз күрөшкө даяр» экенин айткан.

Талдоочулар ал-Аруринин өлүмү 7-октябрдагы кол салуудан кийин толук баш көтөрө албай, көптөгөн жаранын барымтадан чыгара албай турган израилдиктердин моралдык духун көтөргөн окуя болгонун белгилешти.

Барнеа бул кол салууга катышкандардын баары, пландагандар да, аткаруучулар да түз же кыйыр түрдө куугунтукка алынарын айтты.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 170тей аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG