Тажикстанда оппозициялык сайтка кайрылган дыйкан беш жылга соттолду

Хатлон облустук сотунун имараты.

Тажикстандын Хатлон облусунун Дусти районундагы дыйкан чарбанын төрагасы тажик оппозициясына жакын “Ислох ТВ” сайты менен кызматташкан деген айып менен беш жылга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

Хатлон облустук соту Махмуджон Бобомуродовго былтыр 19-декабрда өкүм чыгарган. Бул тууралуу маалымат Тажикстандын Башкы прокуратурасынын сайтына 3-январда жарыяланды. Сот “Махмуджон Бобомуродовду “Ислох ТВ” сайтындагы материалдарды көргөнү жана жайылтканы үчүн, сайттын башкы редактору Мухаммадикбол Садриддинге арызданганы үчүн күнөөлүү” деп тапкан.

2023-жылы августта “Ислох ТВ” сайтында жарыяланган маалыматта Хатлон облусунун Дусти районундагы суунун тартыштыгы тууралуу сөз болуп, жергиликтүү бийликтин ишине нааразылык айтылган. Ал жерде автордун аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматында кат “саясий жана чагымчыл мүнөздө болгон” деп айтылат. Сайттын өкүлдөрү бул кат элдин көйгөйү экенин билдирген.

Тажик бийлиги “Ислох ТВ” сайты жана анын редактору Мухаммадикбол Садриддин менен кызматташкан адамдарды буга чейин сот жообуна тарткан окуялар болгон. 44 жаштагы Мухаммадикболи Садриддин Франциядан башпаанек сураган. Ал тажик өкмөтүнүн иши тууралуу кескин сын макалаларды жарыялаган “Ислох.нет” сайтынын башкы редактору жана “Ислох ТВ” телеканалынын негиздөөчүсү. (BTo)

Дагы караңыз

Москва менен Киев жарым жылдан бери биринчи жолу туткундарды алмаштыЖалал-Абадда газдын жоктугунан жаңы автобустар каттамга чыкпай калдыЧүй облустук милициясы Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илдиИрандагы жардырууларда каза тапкандар 100дөн ашты Москвадагы казак коомунун башчысына кылмыш иши козголдуАлматыда Oyan, Qazaqstan кыймылынын үч активисти кармалды