Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Жалал-Абадда газдын жоктугунан жаңы автобустар каттамга чыкпай калды


Жалал-Абад шаарындагы жаңы автобустар.
Жалал-Абад шаарындагы жаңы автобустар.

Жалал-Абад шаарында каттамга киргизилген жаңы автобустар Өзбекстан метан газын бербей калгандан кийин ишин токтотту.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы автобустар метан газы менен жүргөндүктөн буга чейин аны Өзбекстандан алып келип жатышканын билдирди.

“Күн суук болгондо газдын басымы төмөндөп, Өзбекстандын өзүндө узун кезек жаралып бизге берилбей калды. Ошондуктан каттам токтоду. Ал эми кошуна өлкөдөгү инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станциянын курулушу башталган. Бирок курулуш толугу менен аягына чыга элек”, - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жаткан.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобус тапшырган. Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичнен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан. (TB)

XS
SM
MD
LG