Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңеш кабыл алган мамлекеттик желек кийин эмне үчүн өзгөрүп кеткени тууралуу комментарий берди.
3-январда Фейсбуктагы расмий баракчасынын алдында Интернет колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып “туунун жаңы вариантын парламент кабыл алгандан кийин Министрлер кабинети толуктап акыркы вариантын токтом менен бекиткенин” жазды.
Жогорку Кеңеш кабыл алган тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп түндүктөгү чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. Мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Улан Примов парламенттин комитетинде, жалпы жыйында да дал ушул желекти көрсөтүп, туу ушундай өзгөртүлөрүн айткан.
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жана айрым мамлекеттик мекемелердин имараттарына илинген желекте күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилип турат.
Декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон. Ал 26-декабрда мамлекеттик “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.
Желекти өзгөртүү боюнча документти спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, анын максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Бул демилге коомчулуктун нааразылыгын жаратып, эл тууну өзгөртүүгө негиз жок экенин айтып чыгышкан.
Садыр Жапаров 16-декабрда Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, “туудагы күн нурлары күн карамага окшош жана түндүктөгү чамгарак туура эмес” деген жүйөнү келтирген.
Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки жылы - 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен кабыл алынган. (BTo)
Дагы караңыз
2023-жылы 146 миңден ашык балага сүйүнчү берилдиХАМАСтын лидеринин орун басары жок кылынганы кабарландыАбактагы активист Исаковдун иши сотко өткөнү белгилүү болдуСадыр Жапаров Жапониянын жетекчилерине көңүл айттыТИМ Казакстанда бармак изин тапшыруу мыйзамы күчүнө киргенин билдирдиПакистанда оппозиция шайлоо алдында кысымга кабылганын айтып чыкты