Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Абактагы активист Исаковдун иши сотко өткөнү белгилүү болду


Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

“Бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармалган активист Гүлжигит Исаков, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев жана дагы эки кишинин иши сотто каралып жатканы белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” активист Гүлжигит Исаковдун адвокаты Сартбай Жайчыбеков кабарлады.

Анын айтымында, шектүүлөрдүн иши үч ай мурун тергелип бүткөн. Кезектеги отурум Биринчи Май райондук сотунда 12-январда өтөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаков, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев жана дагы эки кишини камакка алган.

Алар чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы кабарланган.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу темаларда ой-пикирлери менен бөлүшүп турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG